09:53, 16 апреля 2018, Бишкек - 24-kg.com
Бүгүн мурдагы президент Алмазбек Атамбаев КСДПнын депутаттары менен жолугат. Маалыматты социал демократтар фракциясынын жетекчиси Иса Өмүркулов «24-kg.com» агенттигине тастыктады.
«Биз Алмазбек Шаршенович менен жолугуп, ар кандай маселелерди талкуулап келебиз. Андыктан мындан интрига издөөнүн кажети жок. Мындай жолугушуулар бизде болуп келген жана боло берет», — деди эл өкүлү.