15:53, 16 апреля 2018, Бишкек - 24-kg.com
Нарында айдоочу жөө кишини койдуруп кетип, жаран кырсык катталган жерден жан берди. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык 15-апрелде саат 19:57 чамасында Кочкор-Кум-Дөбө ички чарбалык унаа жолунун 15-чакырымында катталган. «Ауди-100 С4» үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу жолдо бара жаткан жөө жүргүнчүнү сүзүп, андан кийин бакка барып урунган.
Жол кырсыктын кесепетинен 1974-жылы туулган жөө жүргүнчү жеринде каза болгон. Ал эми айдоочу медициналык тез жардам кызматы менен ооруканага жеткирилген. Куткаруучулар каза болгон жөө жүргүнчүнүн жансыз денесин ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.