Пара менен кармалган прокурор инсульт болду

09:46, 18 апреля 2018, Бишкек - 24-kg.com

Дарыгерлер 200 миң доллар пара менен кармалган Башкы прокуратуранын соттордун ыйгарым укуктарын камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Улан Чалбаевдин инсульт болгонун аныкташты. Бул тууралуу «24-kg.com» агенттигине укук коргоо органдары билдирди.

Маалыматка ылайык, прокурор кармалгандан кийин кан басымы төмөндөп кеткен.

«Келген тез жардам кызматынын дарыгерлери инсультка кабылганын аныкташты. Ал Бишкектеги ооруканалардын биринин неврология бөлүмүнө жаткырылды», — деп маалымдашты алар.

Фото

Аталган маалыматты Саламаттык сактоо министрлигинен дагы тастыкташты.

Эскерте кетсек, Башкы прокуратуранын соттордун ыйгарым укуктарын камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Улан Чалбаев 16-апрелде 200 миң доллар пара алып жаткан жерден кармалган.