09:32, 23 апреля 2018, Бишкек - 24-kg.com
Жаңы дайындалган өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кортежден баш тартып, ал келе жатканда жолду бөгөөгө тыюу салды. Бул тууралуу «24-kg.com» агенттигине булактар билдирди.
Маалыматка ылайык, ал бүгүн жумушка саат 7.30 чамасында эч кандай коштоосуз өзү келген.
Өкмөттүн аппаратынан маалымдагандай, ал 21-апрель күнү УКМКнын жаңы жетекчисине ашыкча күзөтчүлөрдү жана коштоону алып салууну буйруган.
Эскерте кетсек, мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков кызматка киришип жатканда дагы бул нерселерден баш тарткан.