Ырчы Айжан Газиева премьер-министрдин эмес, анын агасынын кызы

18:10, 23 апреля 2018, Бишкек - 24-kg.com

Ырчы Айжан Газиева премьер-министр Мухамеддкалый Абылгазиевдин кызы деген маалыматты өкмөттүн маалымат кызматы четке какты.

Алардын айтымында, Айжан Газиева Абылгазиевдин агасынын кызы.

Эскерте кетсек, буга чейин айрым маалымат каражаттары ырчы премьер-министрдин биринчи никесинен төрөлгөн кызы экендигин жазып чыгышкан. Мухаммедкалый Абылгазиевдин төрт баласы бар. Ал өткөн жумада өкмөт башчысы болуп дайындалды.

Фото