18:00, 24 апреля 2018, Бишкек - 24-kg.com
Маалыматка ылайык, учурда тасманы тартуу үчүн режиссерлор арасында сынак жарыяланган. Тасманын сценарийи «Кыргызфильм» киностудиясынын көркөм кеңеши тарабынан кабыл алынып, тарыхчылары тарабынан жактырылган.
Сынакка катышууну каалаган кинорежиссерлор 1-июлга чейин «Аскар Салымбеков фондуна» кайрылса болот.
Жусуп Абдырахманов 1901-жылы Ысык-Көл облусунун Чиркей деген айылда манаптын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Ал кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөлүшүнө зор салымын кошкон. Мамлекеттик ишмер 36 жашында эл душманы деген жалаа менен репрессияга дуушар болуп, атылган. Артында Ленина Абдырахманов аттуу кызы калган.