Маршруттук таксилердин иш таштоосун уюштургандар дагы деле табыла элек

09:15, 26 апреля 2018, Бишкек - 24-kg.com

Бишкекте маршруттук таксилердин иш таштоосун уюштургандар дагы деле табыла элек. Бул тууралуу «24-kg.com» агенттигине шаардык Транспорт башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Хасан Алимбеков билдирди.

«Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат. Иш таштоону уюштургандар табыла элек. Мындай көрүнүш кайра кайталанбашы үчүн сөзсүз чара көрүлүшү керек», — деди ал.

Эскерте кетсек, 2-апрелде Бишкектеги маршруттук таксилердин айдоочулары иш таштап, бир нече талаптарды коюшкан.