12:19, 03 мая 2018, Бишкек - 24-kg.com
Сооронбай Жээнбековдун Алмазбек Атамбаев менен жолугушуусу планында жок. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат катчысы Толгонай Стамалиева жергиликтүү ЖМКга билдирди.
«Мамлекет башчысы аймактарды кыдырууда. Планында Алмазбек Атамбаев менен жолугушуу жок» — дейт ал.
Эскерте кетсек, Кыргызстан социал-демократтар партиясынын саясый кеңешинин жыйынында Алмазбек Атамбаев президент менен жолугушууга даярдыгын билдирген.
КСДПнын саясый кеңешинин жыйыны 19-апрелде өттү. Айрым маалыматтарга караганда, бул жыйындан кийин Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаев кездешип, бирок, бир пикирге келе алышкан эмес.