15:39, 04 мая 2018, Бишкек - 24-kg.com
«24-kg.com» агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери (теолог, юрист, психолог) жооп берет.
Суроо: Аср намазынын алдында окулуучу 4 рекет сүннөт кандай сүннөт, жана башка сүннөттөрдөн айырмасы кандай?Жооп: Сүннөттүн 2 түрүбар; муаккада сүннөт (Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) дайыма аткарган күчтүү сүннөттөр.) жана гайр муаккада сүннөтү (бул Пайгамбарыбыздын ибадат максаты менен кээде аткарган амалдары). Аср жана куптан намазынын алгач окулуучу 4 рекет сүннөттөрү жогоруда айтылган гайр муаккада сүннөтүнө кирет.