Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринен аялдын жансыз денеси табылды

09:25, 07 мая 2018, Бишкек - 24-kg.com

Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринен аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 6-майда куткаруучулар Салиев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн бириндеги ичинен бекилип калган батирди ачкан. Батирден 1939-жылы туулган Ш.З.В аттуу кожойкенин жансыз денеси табылган. Жансыз дене милиция кызматына өткөрүлүп берилди.