Кыргызстандын 45 мектеп окуучусу Кытайда эс алууга жөнөтүлөт

16:55, 08 мая 2018, Бишкек - 24-kg.com

Кыргызстандын 45 мектеп окуучусу Кытайда жайкы эс алууга жөнөтүлөт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирет.

Алардын маалыматында,жайкы лагерге ШКУга кирген өлкөлөрдүн жарандары кабыл алынат. Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан жана Тажикстандан жалпысынан 200 бала барат.

«Ар бир аймактан төрттөн бала алабыз. Андан тышкары Ош жана Бишкек шаарларынан 7ден тандалат. Балдарды беш мугалим коштойт» — дейт билим берүү министрлиги.