Москвадагы кыргызстандыктар «Өлбөс полк» жүрүшүнө катышты

08:43, 10 мая 2018, Бишкек - 24-kg.com

Москвадагы кыргызстандыктар «Өлбөс полк» жүрүшүнө катышты. Бул тууралуу «24-kg.com» агенттигине Москва шаары жана Москва облусу боюнча кыргыз диаспорасынын өкүлү Улан Кошматов билдирди.

Анын айтымында, кечээ күнү Уулу Жеңишке карата өткөн акцияга 500дөй мекендешибиз топтолду.

«Биз расмий түрдө «Өлбөс полк- Кыргызстан» деп катталдык. Эки жылдан бери бул акцияга катышып жатабыз»- дейт Улан Кошматов.

«Өлбөс полк» акциясы Кыргызстандын 14 шаарында өттү. Бишкекте президент Сооронбай Жээнбеков согушта дайынсыз жоголгон чоң атасы Жээнбек Пирназаровдун сүрөтүн көтөрүп чыкты.