Жалал-Абад облусунун Акы районундагы 87 үйдүн короосун суу каптап, эл таза суусуз калды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 14-майда, болжол менен саат 16:00 чамасында сел Ак-Жол айылдык аймагынын жолун жууп кеткен. Андан тышкары Шынаа айылындагы 87 үйдүн короосун каптаган.
Жаңгак айылындагы суу кудугунун кууру бузулуп, эл суусуз калган. Учурда куткаруучулар жеринде иш алып барууда.