Ошто 23 жаштагы жигит өз жанын өзү кыйды. Бул тууралуу «24-kg.com» агенттигине Ош шаардык ИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Өзгүр айылынын тургуну өз үйүндө суицидке барган.
«Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. Аны жанын кыюуга түрткөн факторлор аныкталып жатат», — деп маалымдайт ИИБ.