Канат Бегалиев Кыргызстандын күрөш федерациясынын биринчи вице-президенти болуп дайындалды.Мындай чечим, 12-майда грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстан чемпионатында кабыл алынды,- деп маалымдайт федерациядан.
Маалыматка ылайык, Канат Бегалиев Кыргызстандын күрөш федерациясынын мурдагы биринчи вице-президенти Дамирбек Асылбек уулунун ордуна келди. Ошондой эле федерациянын вице-президенти болуп Марат Назарбековдун ордуна Жалил Атамбаев дайындалды.
Эскерте кетсек, парламенттин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулу 16-февралда Казакстандын аймагында аткезчиликке шектелип кармалган. Ага каршы аткезчилик айыбы менен иш козголуп, камоого алынган. Дамирбек Асылбек уулунун кош жарандуулугу аныкталгандан кийин БШК аны депутаттык мандаттан ажыраткан.Дамирбек Асылбек уулу 2015-жылы «Кыргызстан» партиясынан парламентке келген.


