12:01
USD 87.45
EUR 100.69
RUB 1.08

Ош шаарында чайкана, үй жана дүкөн өрттөнүп кетти

Ош шаарында чайкана, үй жана дүкөн өрттөнүп кетти. Бул тууралуу «24-kg.com» агенттигине ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, өрт кечээ, саат 21:00 чамасында Ош шаарынын «Фуркат» кичи районунда катталган.

«Өрт үч саат аралыгында өчүрүлдү. 23.58 чамасында толук чектөөгө алынды. Кырсык катталган жерде 5 өрт бригадасы иштеди. Бардыгы болуп чайкананын 40 чарчы метр жери күйүп кеткен. Ал эми үй менен дүкөндүн 136 чарчы метр жерин тилсиз жоо жок кылган», — деди ӨКМ.

Эң көп окулган жаңылыктар