Кара-Көлдө айдоочу жети жашар баланы койдуруп кетти

15:10, 17 мая 2018, Бишкек - 24-kg.com

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынан айдоочу жети жашар баланы койдуруп кетти. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык, 14-майда шаардын көчөлөрүнүн биринде катталган. Кырсыкка кабылгандан кийин айдоочу баланы ооруканага алып барган. Баланын мээси чайкалган, бирок эч жери сынган эмес. Учурда ооруканадан чыгып, абалы жакшы.