Эртең Ош шаарынын айрым аймактарында электр жарыгы болбойт

09:06, 21 мая 2018, Бишкек - 24-kg.com

Ош шаарынын айрым аймактарында 22-май күнү сегиз саатка электр жарыгы өчүрүлөрүн мэрия маалымдайт.

2018-2019-жылдардагы күз-кыш мезгилине энергообъектилерди даярдоо иштерине байланыштуу төмөндөгү даректерде свет өчүрүлөт.

«Ак-Тилек» аймактык кеңешине караштуу «Ак-Тилек» кичи шаарчасында, Учар айылында, Мамыров көчөсүндө, «Керме-Тоо» аймактык кеңешине караштуу МЖКУ-2, Кукумбий көчөлөрүндө жарык болбойт.