Ошто үч күндө үч киши өз өмүрүнө кол салды. Бирөөсү 15 жашар кыз

10:21, 21 мая 2018, Бишкек - 24-kg.com

Ош шаарында үч күн ичинде өз жанын кыюу боюнча үч факты катталды. Бул тууралуу шаардын Ички иштер башкармалыгы билдирет.

Касымбеков көчөсүндө жашаган 15 жаштагы А.Т. аттуу жаш кыз үйүнүн босогосуна, Мамытов көчөсүнүн тургуну 33 жаштагы К.Б. аттуу аял үйдүн короосунда жоолугуна асынып алды. Ал эми Курманжан Датка көчөсүндө жашаган 28 жаштагы И.Д. улан дары ичип, өз жанын кыюуга аракет кылды. Аны даарыгерлер сактап калышты.

Жыл башынан бери Ош шаарында 32 суицид катталды.