03:12
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Лейлекте кайрадан сел. Унаа жол жабылды

Лейлектин Сумбула айылында кайрадан сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт.

Алардын маалыматында, кечээ кечке жуук Көк-Таш — Андарак унаа жолунун 20 метр аралыгын кокту колоттон келген шагыл аралаш суулар каптады. Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес.

14-май күнү Лейлекте катуу сел жүрүп, бир нече үй жана короолорду суу каптап, мал жана ууналарды агызып кеткен.

Эң көп окулган жаңылыктар