Бажы кызматынын мурунку башчысы Кубанычбек Кулматовдун мүлкү камакка алынды. Бул тууралуу маалыматты УКМКнын басма сөз кызматы «24-kg.com» агенттигине тастыктады.
Маалым болгондой, мүлкүн камакка алуу буга чейин козголгон кылмыш ишинин алкагында ишке ашты.
Эске салсак, Кубанычбек Кулматовго 18-май күнү «жемкорлук» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, айыбы 21-майда угузулган. Ага 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айып тагылууда.


