Бажы кызматынын мурунку башчысы Кубанычбек Кулматовдун мүлкү камакка алынды

10:20, 25 мая 2018, Бишкек - 24-kg.com

Бажы кызматынын мурунку башчысы Кубанычбек Кулматовдун мүлкү камакка алынды. Бул тууралуу маалыматты УКМКнын басма сөз кызматы «24-kg.com» агенттигине тастыктады.

Маалым болгондой, мүлкүн камакка алуу буга чейин козголгон кылмыш ишинин алкагында ишке ашты.

Эске салсак, Кубанычбек Кулматовго 18-май күнү «жемкорлук» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, айыбы 21-майда угузулган. Ага 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айып тагылууда.