Бишкекте тоноого шектүү жаранды кармашты

16:27, 25 мая 2018, Бишкек - 24-kg.com

Бишкекте тоноого шектүү жаранды кармашты. Бул тууралуу ШИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, милицияга шаардын тургуну арыз менен кайрылды. Анда ал, 20-май күнү борбор калаадагы эс алуу жайларынын биринен белгисиз бирөө мойнундагы алтын чынжырчасын жулуп качып кеткенин айткан. Жабырлануучуга келтирилиген чыгым 15 миң сомду түздү.

Ыкчам-издөө иш чарасынын жыйынтыгында 25 жаштагы Б.у.А. аттуу жаран кармалды.