Ала качуунун курмандыгы. Жайыл райондук милиция бөлүмүндө бычакташуу

13:25, 28 мая 2018, Бишкек - 24-kg.com

Чүй облусуна караштуу Жайыл райондук ИИБнын кеңсесинен 29 жаштагы Таластын тургуну кызга бычак сайып өлтүрдү. Бул тууралуу «24-kg.com» агенттигине аталган облустун ИИББсы билдирди.

Маалыматка караганда, Таластын тургуну жабырлануучу кызды ала качууга аракет кылган. Аларды милиция бөлүмүнө алып келишкенде, кылмышкер адегенде кызга бычак сайып, кийин өзүнө сайган.

«27-майда болжол менен саат 22:00дө Биринчи Май РИИБга кыз ала качуу боюнча билдирүү келип түшкөн. Милиция кызматкерлери Сосновка айылынан окуяга тийиштиги бар делген унааны токтотушуп, ичиндеги 3 жаранды Жайыл райондук ИИБга алып келишкен. Документтерди толтуруу маалында, кылмышка шектүү кыз отурган бөлмөгө кирип, эшикти жаап алган. Милиция кызматкерлери эшикти сындырып киришкенде, канга чыланып жаткан кызды жана кылмышкерди көрүшкөн», - деп билдирди ИИББ.

Жабырлануучу кыз эсине келбей каза болду. Ал эми кылмышкер жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Учурда иликтөө иши жүрүүдө.