Сапар Исаков УКМКнын тергөө абагына 2 айга камакка алынды

08:41, 06 июня 2018, Бишкек - 24-kg.com

Экс-премьер министр Сапар Исаков УКМКнын тергөө абагына 2 айга камакка алынды. Биринчи Май райондук соту Исаковдун баш коргоо чарасын ушинтип тандады. Ал эми КСДП фракциясынын аны үй камагында калтыруу өтүнүчү канааттандырылган жок.

Сот чечиминен кийин ал журналисттерге: "Бул жеткен адилетсиздик, сөз да жок",- деди.

Эске салсак, Сапар Исаков кечээ, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында УКМКга 5-жолу суракка чакырылган эле.