03:17
USD 87.45
EUR 102.29
RUB 1.11

Кыргызстандын жараны менингокок инфекциясына шектелип ооруканага жаткырылды

Казакстандын Жамбыл облусунда Кыргызстандын жараны менингокок инфекциясына шектелип ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу CA-News аталган региондун саламаттык сактоо коомдук Департаментине шилтеме берип жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Талас облусуна караштуу Манас районунун 1989-жылы туулган жашоочусу жугуштуу оорулар ооруканасына бүгүн эртең менен келип түшкөн.

Бейтаптын айтымында, ал 27-майдан бери Таразда жүргөн. Департаменттин маалыматына ылайык, бактериялык изилдөөнүн жыйынтыгы 3 күндөн кийин белгилүү болот.

«Бирок, анын абалына караганда менингокок эмес, энтеревирустук инфекцияга жакын белгилер байкалууда», — деп жазылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар