11:55, 08 июня 2018, Бишкек - 24-kg.com
Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунан билдиришти.
Маалыматка караганда, жер титирөө бүгүн болжол менен саат 10:30да катталды.
Жердин силкиниши Баткен облусунун Кадамжай шаарында 3 балл, Орозбеков жана Котур-Булак айылдарында 2,5 баллга жеткен.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.