Бишкекте маршруттук унаа жол кырсыгына кабылды

09:47, 11 июня 2018, Бишкек - 24-kg.com

Бишкектеги Байтик Баатыр жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу «24-kg.com» агенттигине күбөлөр билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсыкка кабылган маршруттук унаада жабыркаган жүргүнчүлөр бар. Окуя болгон жерге тез жардам унаасы келди. Тартип сакчылары иш алып барышууда.