10:28, 12 июня 2018, Бишкек - 24-kg.com
Бишкекте Чолпон-Ата көчөсүндө жайгашкан №2 калкты тейлөө борбору убактылуу иштебейт. Бул тууралуу «24-kg.com» агенттигине Каттоо кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, электр жарыгы өчүрүлгөндүгүнө байланыштуу, аталган борбор кечке дейре иштебейт.
«Түндүкэлектр» ААКсынан билдиришкендей, электр жарыгы оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлгөн.