Депутат Болотбек Ибраимжанов депутаттык мандатын тапшырды

17:24, 12 июня 2018, Бишкек - 24-kg.com

Депутат Болотбек Ибраимжанов депутаттык мандатын тапшырды

Жогорку Кеңештин депутаты Болотбек Ибраимжанов мамлекеттик кызматка кетип жаткандыгына байланыштуу, депутаттык мандатын тапшырды. Бул тууралуу бүгүн укук тартиби, кылмыштуулукка жана жемкорлукка каршы күрөшүү боюнча парламенттик комитеттин отурумунда айтты.

Анын билдиргенине караганда, ага мамлекеттик миграция кызматынын төрагалык кызматы сунушталды.