Болотбек Ибраимжанов Миграция кызматынын төрагасы болуп дайындалды

09:02, 14 июня 2018, Бишкек - 24-kg.com

Болотбек Ибраимжанов Миграция кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, Медетбек Айдаралиев Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы кызматынан бошотулуп, ордуна Болотбек Ибраимжанов дайындалды.

Эске салсак, жакында эле «Республика — Ата Журт» фракциясынын депутаты Болотбек Ибраимжанов мандатын тапшырган.