Сооронбай Жээнбеков футбол боюнча 2 курама командага жан тартат

09:43, 14 июня 2018, Бишкек - 24-kg.com

Президент Сооронбай Жээнбеков Орусия жана Германиянын футбол боюнча курама командаларына жан тартат. Бул тууралуу «24-kg.com» агенттигине президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева билдирди.

Айтымында, мамлекет башчысы футболго кызыгат.

Эске салсак, бүгүн бишкек убактысы боюнча саат 21:00дө Москвада А тобундагы биринчи мелдеш болот. Анда Орусия менен Сауд Аравиясынын курама командалары беттешет. Сооронбай Жээнбековдун спорттук иш чарага катышуусу күтүлүүдө.