Игорь Чудинов депутаттык мандатынан ажырады

16:12, 14 июня 2018, Бишкек - 24-kg.com

Борбордук шайлоо комиссиясы Игорь Чудиновду Жогорку Кеңештин депутаттык мандатынан ажыратты. Бул тууралуу БШКнын отурумунда белгилүү болду.

Маалым болгондой, депутаттын күбөлүгү күчүн жоготту. Мындай чечимдин кабыл алынышына соттун Игорь Чудиновго карата 5 миллион сом айып салган өкүмү себеп болду.