Бишкекте жеңил атлетика боюнча мелдеш уюштурулду

15:50, 19 июня 2018, Бишкек - 24-kg.com

Бишкекте жеңил атлетика боюнча 21-Эл аралык турнир өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, атлаган иш-чара Д. Өмүрзаков атындагы стадиондо 16-17-июнь күндөрү өттү.

Спорттук мелдешке Тажикстан, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан жана Кыргызстандан келген 200дөй жеңил атлетчи катышты.

Мелдештин жыйынтыгында Кыргызстандык спортчулар беш алтын, алты күмүш жана беш коло медалга ээ болушту.