Таштандыга толгон чуңкур. Александровка айылынын тургундары нааразы болушууда

16:44, 19 июня 2018, Бишкек - 24-kg.com

Чүй облусуна караштуу Москва районундагы Александровка айылынын тургундары айыл өкмөт башчысы Баги Ибрагимге нааразы болушууда. Бул тууралуу айылдыктар «24-kg.com» агенттигине билдиришти.

Маалыматка караганда, Баги Ибрагим айылдын так ортосундагы жерден мыйзамсыз шагыл каздырткан.

«Эми аянты тереңдиги 17 метрге жеткен чуңкурга айылдыктар акыр-чикир ташташууда. Эски полигон жабык. Экология бузулду. Биз кайда барып кимге арызданарыбызды билбейбиз», — дешет жашоочулар.

Жергиликтүү администрация казылган чуңкурда эч кандай мыйзам бузуу жок деп эсептейт. Алардын пикиринде, бул шагыл алуунун кадимки мыйзамдуу жолу.

«Айылдыктар өзүлөрү чуңкурга таштандыларды салышууда», -дешти айыл өкмөтүнөн.