Бишкекте кыргыз күрөшү боюнча 11-Эл аралык мелдеш уюштурулат

14:44, 20 июня 2018, Бишкек - 24-kg.com

23-июнда Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда кыргыз күрөшү боюнча 11-Эл аралык мелдеш өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Маалым болгондой, аталган мелдеш биринчи абсолюттук чемпион Туратбек Мазиевдин жаркын элесине арналат.

Иш чарага өлкөнүн бардык аймактарынан чакырылган спортчулар жана чет өлкөдөн келген 4 балбан катышат.

Спортчулар 6 салмак категориясы боюнча күч сынашат.