9-класстын 93 миң 500 бүтүрүүчүсү орто билими тууралуу күбөлүккө ээ болушту

09:26, 22 июня 2018, Бишкек - 24-kg.com

Кыргызстанда 9-класстын 93 миң 500 бүтүрүүчүсү орто билими тууралуу күбөлүктөрдү алышты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, өлкө аймагында 9 жылдык билим алуу милдеттүү болуп саналат. 9-класстан кийин бүтүрүүчүлөр мектептен билим алууну улантып же кесиптик лицейлерге жана колледждерге тапшырса болот.

Эске салсак, быйыл мектепти 11-класстын 61 миңден ашык бүтүрүүчүсү аяктады.