Нарындыктар чегирткелерге каршы. 45 миң гектарга дары себилди

12:21, 22 июня 2018, Бишкек - 24-kg.com

Нарын облустук өсүмдүктөрдү коргоо кызматы Ак-Талаа, Жумгал, Ат-Башы жана Нарын райондорунун айдоо талааларында инвазияга каршы химиялык дарылоо иштерин жүргүзүшүүдө. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, айдоо жерлерине дары себүү иштери жүргүзүлдү.

Эске салсак, май айында аталган райондордо жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү коргоо кызматы тарабынан атайын пландын негизинде текшерүү жүргүзүлүп, жалпы облус боюнча айдоо аянттарын жана жайыттарын чегиртке каптагандыгы аныкталган.