Жактоочу: Айбек Калиевдин өнөкөт оорусу курчуп кетти

11:26, 25 июня 2018, Бишкек - 24-kg.com

Улуттук энергохолдинг компаниясынын мурунку жетекчиси Айбек Калиевдин өнөкөт оорусу курчуп кетти. Бул тууралуу «24-kg.com» агенттигине анын жактоочусу Бактыбек Жумашев билдирди.

Анын айтымында, УКМКнын тергөө абагында медициналык санитардык бөлүмүндө керектүү дары-дармектер жана дарыланууга шарттар жок. Ал билдиргендей, жакында Айбек Калиевдин баш коргоо чарасы боюнча Жогорку сотко даттанат.

Эске салсак, Айбек Калиевге жемкорлук беренеси боюнча айып тагылууда.