Депутаттарды күттүрүп койду. Аткаминер 40 мүнөт кечигип келген

13:41, 28 июня 2018, Бишкек - 24-kg.com

КР ТИМдин башчысынын орун басарын аткаминерлер 40 мүнөт күтүшкөн. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев айтып берди.

Анын айтымында, Орусиянын элчилигинде расмий иш чара болуп жаткан. Ага депутаттар менен министрлер дагы чакырылган.

«Биз тышкы иштер министринин бир орун басарын 40 мүнөт күттүк. Орусиянын негизги стартегиялык өнөктөш экендигин дайыма айтып келебиз. Биз күткөн аткаминер кечигип келип кагазга жазылган сөздөрдү окуп койду. Муну менен мамлекеттик маданиятыбызды көрсөтүп койдук», —деди Аалы Карашев.

Ал билдиргендей, мындай чоң иш чараларга кечигип жүргөн аткаминерлерди эмес, вице-премьер-министрлерди жиберүү керек.