15:32, 28 июня 2018, Бишкек - 24-kg.com
Токмок шаарынын мурунку мэри Канатбек Исаевдин иши боюнча Бишкек шаардык сотунун отурумунда соттолуучулар убакыттын өтүшүнө байланыштуу кылмыш ишин токтотууну суранышты.
Жактоочу Сергей Слесарев өтүнүчтү колдоп, өз сөзүндө Кылмыш кодексинин 303-беренесин жеңилирээк кылып кайрадан өзгөртүүнү суранды.
Соттук коллегия чечим чыгаруу үчүн жыйын бөлмөсүнө чыгып кетишти.