ӨКМ: Бишкекте батирлердин биринен жансыз дене табылды

11:04, 02 июля 2018, Бишкек - 24-kg.com

Бишкекте батирлердин биринен жансыз дене табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, куткаруучулар Чүй кең көчөсүндөгү № 30 үйдүн 52-батиринин бекилип калган эшигин ачып беришкен. Батирдин ичинде 1961-жылы туулган А.К. аттуу жарандын жансыз денеси табылды.

Куткаруучулар маркумдун сөөгүн туугандарына өткөрүп беришти.