Ысык-Ата районунда унаа каттоочу жолдо сел жүрдү

11:29, 03 июля 2018, Бишкек - 24-kg.com

Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунда унаа каттоочу жолдо сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлады.

Билдирүүгө таянсак, катуу жааган жаандын кесепетинен шагыл аралашкан сел Красная-Речка айылынан Ысык-Ата курортуна барчу унаа жолунун 40-чакырымын каптап кеткен.

Учурда тазалоо иштери жүрүп жатат. Унаа жолдун бир тарабы ачык.