14:18, 03 июля 2018, Бишкек - 24-kg.com
«Ысык-Көл» Эл аралык аба майданы казакстандык туристтерди тосуп алды.
Маалым болгондой, Алматы-Тамчы каттамындагы учак менен 51 жүргүнчү учуп келди. Аталган каттам жумасына эки жолу, дүйшөмбү жана жума күндөрү жүргүзүлүп турат.
Эске салсак, 29-июнда аба майданы Ош шаарынан келген туристтерди кабыл алган.