Өзбекстанда маяна, пенсия, стипендия көбөйөт

16:51, 03 июля 2018, Бишкек - 24-kg.com

Өзбекстанда 15-июлдан тарта айлык маяна, пенсия жана стипендия орто эсеп менен 1,07 эсеге көбөйөт. Тиешелүү буйрукка 2-июлда президент Шавкат Мирзиёев кол койду.

Маалыматка караганда, 15-июлдан тарта эң аз айлык акы — 184, 300 сумду (азыр — 172 240 сум) (23 доллар) түзөт. Пенсия −360 460 сум, жөлөк пул 221 190 сум болот.

Өзбекстанда акыркы жолу айлык маяна, пенсия жана стипендия 2017-жылы 1-декабрда 1,15 эсеге көбөйгөн.