10:12
USD 87.45
EUR 101.83
RUB 1.13

Беловодское айыл өкмөтүнүн мурунку башчысына карата 2 кылмыш иши козголду

Чүй облусуна караштуу Москва районундагы Беловодское айыл өкмөтүнүн мурунку башчысы Бакыт Төлөмүшевге карата 2 кылмыш иши козголду. Бул тууралуу «24-kg.com» агенттигине жергиликтүү активист Юсуп Китаев билдирди.

Бул маалыматты Москва РИИБдан тастыкташты. Милициянын билдирүүсү боюнча, Бакыт Төлөмүшев жер аянтындагы алдамчылык жана Ак-Суу дарыясынын жээктерин бекитүү боюнча топтолгон бюджеттик каражатты коротуу фактылары боюнча айыпталууда.

«Бакыт Төлөмүшевди кызматтан бошотушту. Сентябрда жаңы өкмөт башчысы шайланат», -деди Юсуп Китаев.

Эң көп окулган жаңылыктар