Биринчи Май райондун сотунун судьясы Эрнис уулу Айбек тергөөчүлөр иш боюнча материалдарды жактоочуларга берип, окуткан болсо, анда көчүрмөсүн бербей коюуга боло турган токтом чыгарды. Бул тууралуу «24-kg.com» агенттигине жактоочу Нурбек Токтакунов билдирди.
Эске салсак, ал мурунку премьер-министр Сапар Исаковду жактап келет.
Маалым болгондой, Нурбек Токтакуновго тергөөчү Сапар Исаковдун иши боюнча материалдын көчүрмөсүн бербей койгон. Соттун пикиринде, жактоочу көчүрмөнү алышы үчүн, соттолуучу өзү көчүрмөнү талап кылышы керек.