Бишкек мэриясы 2018-жылдын соңуна чейин 350 автобус сатып алмак. Мындай меморандумга 2017-жылы 25-декабрда Өкмөт үйүндө кол коюлган. Меморандум орусиялык «Газпром Кыргызстан», «Газпромбанк» «Эксар» ишканалары менен Бишкек мэриясынын жана Социалдык фонддун ортосунда кабыл алынган.
Автобустарды сатып алыш үчүн мэрия «Газпромбанктан» 12 пайыз үстөгү менен жети жылга 3,5 млрд. сом насыя алмак.
Ар бир автобустун баасы 10 млн. сомдун тегерегинде болору айтылган. Мэрия автобустар газ менен жүрөрүн, майыптарга ыңгайлуу экенин жана аларда кондиционер, вай-фай, электрондук төлөө системасы сыяктуу бардык шарттар болорун билдирген. Бишкекти толук камсыз кылууга 700гө жакын автобус талап кылынат. 350 автобус 11 гана каттамды тейлей алат.