Май куючу станциядагы өрт. 9 унаа күйүп, 4 киши жабыркады

09:02, 05 июля 2018, Бишкек - 24-kg.com

Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун Жаштык айылында жайгашкан май куючу станциядан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, өрттүн кесепетинен 1 май куючу станция толугу менен күйүп, 1 май куючу станциянын кеңсеси өрттөнгөн. Мындан тышкары 4 фура, 2 газ ташуучу унаа, 2 спринтер, 1 жеңил унаа күйүп кеткен.

Тилсиз жоодон 4 киши жабыркады.