Жалал-Абадда кара куурайларды өрттөп жок кылышты

08:41, 19 июля 2018, Бишкек - 24-kg.com

Жалал-Абад облусунун милициясы «Кара куурай» операциясынын алкагында аянтта өсүп турган кара куурайларды өрттөп жок кылышты. Бул тууралуу аталган облустун ИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, иш чарага 117 тартип сакчысы тартылды. Жапайы өсумдуктүн жалпы салмагы 30 тоннаны түздү.